Детали курса

Course thumbnail
Этот курс включает:
Продолжительность
15:46:00
Уроков
7
Теги
Язык
Кыргыз
Просмотры
3139
Сертификат
Да
-
Бесплатно
Записаться на курс
(2) Рейтинг

Мугалимдер үчүн жасалма интеллект боюнча сабаттуулук

Бүгүнкү заманда “Жасалма Интеллект” деген сөздү көп угабыз. Айрыкча технологиялар тез өнүгүп жаткан учурда, бул түшүнүк билим берүүдө да маанилүү болуп калды. Бирок, “Жасалма интеллект” деген эмнени билдирет? Ал кантип иштейт жана биздин жашообузга кандай таасир берет? Жөнөкөй сөз менен айтканда, жасалма интеллект — бул компьютерлер же телефондор сыяктуу техникалык түзмөктөр - адамдардай ойлонуп, үйрөнө алган программалар. Башкача айтканда, алар маалыматты анализдеп, туура чечим чыгарууга аракет кылышат.

Обзор курса

Жасалма интеллект (ЖИ) - XXI кылымдын эң чоң жаңылыктарынын бири. Ал көп тармактарда революция жасады, эми билим берүүдө да чоң өзгөрүүлөрдү алып келүүдө. Окуучулар бүгүн интернетке кеңири жеткиликтүү, жаңы технологияларды тез өздөштүргөн муун болуп калды. Ошондуктан заманбап мугалим бул өзгөрүүгө шайкеш жүрө алган, технологияны башкарган, окуучуну туура багыттай алган адис болушу керек. Эгер мугалим ЖИни колдонууга үйрөнбөсө, анда балдар бул куралды өз алдынча колдонуп, туура эмес багытта кетиши мүмкүн. Дал ушуну алдын алуу, мугалимдин жаңы ролун түшүнүү жана жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү, этикалык жана пайдалуу жардамчы катары колдонуу үчүн бул окуу курсу атайын иштелип чыккан.


  1. Бул программа мугалимдерди ЖИнин негизги түшүнүктөрү менен тааныштырып, аны билим берүү процессине кантип интеграциялоону кадам-кадам менен үйрөтөт. Алгач “Жасалма интеллект деген эмне?” деген суроого жөнөкөй жана жашоодон алынган мисалдар менен жооп аласыз. 

  2. Андан соң, практикалык модулдарда ChatGPT жана башка платформаларды компютерге, Android жана iOS телефондорго кантип орнотуу жана катталуу жолдору көрсөтүлөт. Бул бөлүмдө мугалимдер үчүн коопсуздук эрежелери, сырсөздү туура тандоо жана купуялыкты сактоо тууралуу маанилүү кеңештер берилет.

  3. Курстун негизги бөлүгү билим берүүдө ЖИни колдонууга арналган. Сабакка даярдануу, тесттерди түзүү, баалоо, аналитика жүргүзүү, чыгармачыл тапшырмалар даярдоо сыяктуу иштерде ЖИ кантип жардамчы боло аларын реалдуу мисалдар менен көрсөтөт. Мугалимдер практикалык тапшырмаларды аткарып, өз предметинде ЖИни колдонуунун жолдорун үйрөнүшөт.

  4. ЮНЕСКОнун стандарттарына ылайык, курс этикалык жана жоопкерчиликтүү колдонууну өзөккө коёт. Мында адамга багытталуу, инклюзивдүүлүк, купуялуулук, ачык-айкындык жана туруктуу өнүгүү принциптери түшүндүрүлөт. Мугалимдер ЖИди колдонууда жеке маалыматтарды кантип коргоо керектигин, окуучулар менен чынчылдык мамилени кантип сактоо зарылдыгын билишет.

  5. Бул модулда сиздер жасалма интеллектти (ЖИ) билим берүүдө колдонуудагы этикалык нормалар менен таанышасыздар. Бул модулдун максаты — сиздерди санарип сабаттуулукка үйрөтүү жана ЖИ менен иштөөдө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга даярдоо.

  6. Акыркы модул мугалимдерди азыр дүйнөдө кеңири колдонулган платформалар менен тааныштырат. Ар биринин өзгөчөлүктөрү, күчтүү жана чектөөлөрү көрсөтүлүп, кыргыз мугалимдеринин ишине ылайыктуу варианттар сунушталат.

Учебный план курса

Кыскача кайтарым байланыш анкетасы
1 Урок 30:00

Отзывы о курсе

5.00

Из 2 Рейтинг

2 Рейтинг
0 Рейтинг
0 Рейтинг
0 Рейтинг
0 Рейтинг

Комментарии

  • Student profile image
    МунираШеримбекова
    2025-12-17

    Сиздер уюштурган курстун алкагында алган билимдер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бул курс мен үчүн абдан пайдалуу болду. Көп жаңы нерселерди үйрөндүм, тажрыйбам артты. Сабактар түшүнүктүү, пайдалуу жана жогорку деңгээлде өттү. Сизге чың ден соолук, ишиңизге ийгилик каалайм. Эмгегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • Student profile image
    ЗамираСултанова
    2025-12-30

    Бул курстан мен эң сонун маалыматтарды алдым. Билим багажым ЖИ боюнча толукталып, тажрыйбам артты. Сиздерге терең ыраазычылык !

Похожие курсы