Обзор курса
Курстун актуалдуулугу
Кыргыз Ресупбликасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” билим берүү стандартынын (мындан кийин Мамлекеттик стандарт) жаңылануусу мамлекетибиздин өзгөрүлүп жаткан социалдык-экономикалык шарттарына жана глобалдык билим берүү тенденцияларына дал келүүсүн камсыздап, мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунун жана усулдарын кайра карап чыгууну талап кылууда. Жаңы программа инсанга багытталган окутуунун принциптерине таянып, Мамлекеттик стандартта белгиленген милдеттерди ишке ашырат.
Педагогикалык практиканы трансформациялоо максатында Программа балдардын жеке өзгөчөлүктөрүн, кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алган компетенцияга негизделген, бала борборлоштурулган окутууга багытталган. Бул педагогдордон салттуу ыкмалардан алыстап, жаңы билимдерди, көндүмдөрдү жана жаңы ролдорду өздөштүрүүнү талап кылат.
Кесиптик компетенттүүлүктүн өсүшү. Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн педагогдордун заманбап билим берүү технологиялары, балдардын өнүгүү психологиясы жана Программада көрсөтүлгөн 4 негизги компетенттүүүк боюнча терең билимге ээ болушу зарыл.