Детали курса

Course thumbnail
Этот курс включает:
Продолжительность
00:00
Уроков
5
Теги
Язык
Кыргыз
Просмотры
3
Сертификат
Да
-
Бесплатно
Записаться на курс
(0) Рейтинг

1-модуль: Мектептеги тамактануу боюнча ченемдик-укуктук актылар (ЧУА) менен иштөө

Модулдун сыпаттамасы Биринчи модулда Кыргыз Республикасындагы мектептеги тамактануу жаатын ченемдик-укуктук жөнгө салууну карап чыгуу сунушталат. Ченемдик-укуктук актылар жөнүндөгү билим окуучулардын тамактануусуна жооптуу РайБББ/Шаардык БББ жана мектептердин кызматкерлерине мыйзамдардын, буйруктардын жана токтомдор жыйымына ишенимдүү багыт алууга жардам берет.

Обзор курса

Окуунун жыйынтыктары:

  • Кыргыз Республикасындагы мектептеги тамактанууну жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын системасын түшүнүү;
  • ЧУАнын иерархиясын жана конкреттүү кырдаалда кайсы документти колдонуу керектигин аныктай билүү; 
  • Окуучулардын тамактануусун уюштурууда жана аны каржылоодо укук колдонуу практикасын түшүнүү;
  • Мектептеги тамактанууну каржылоо булактарынын тизмеси жана мыйзамдык деңгээлде бекитилген чектөөлөр;
  • Мектептин ашканасы үчүн тамак-аш азыктарына мамлекеттик сатып алууларды туура уюштура билүү;
  • Мыйзамсыз ата-энелерден акча чогултууну байкай жана анын алдын ала билүү;
  • Мектептеги тамактанууну уюштуруу чөйрөсүндөгү башкаруу чечимдерин ЧУАга таянуу менен жүйөлүү негиздей алуу көндүмдөрү;
  • Текшерүүлөр, даттануулар жана чыр-чатактуу кырдаалдар учурундагы аракеттердин алгоритмдерин билүү. 

Максаттуу аудитория
Биринчи модуль Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы тамактанууну уюштурууга жооптуу директорлорго жана жооптуу кызматкерлерге, РайБББ/Шаардык БББ адистерине арналган жана мектептерде тамактануу системасын өркүндөтүүгө, окуучулардын тамактануусун уюштуруунун сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга, ченемдик-укуктук жөнгө салуу жаатындагы билимдерди системалаштырууга жана кесиптик ишмердүүлүктөгү укуктук тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Мазмуну:

1-сабак. Мектептик тамактануу чөйрөсүн кайсы ЧУАлар жөнгө салат.

2-сабак. ЧУАлардын иерархиясы.

3-сабак. ЧУАлардын жаңылануусу.

4-сабак. Окуучулардын тамактануусун каржылоо тартиби. 

5-сабак. Финалдык тест.

Учебный план курса

Отзывы о курсе

0

Из 0 Рейтинг

0 Рейтинг
0 Рейтинг
0 Рейтинг
0 Рейтинг
0 Рейтинг

Похожие курсы